Улуттук спорт боюнча дирекция башчысы, башкы эсепчиси, департаменттин каржы бөлүм башчысы кармалды

  • 2 месяца мурун

Өзгөчө ири суммадагы акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алганы үчүн дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Э.У.Т., аталган дирекциянын башкы эсепчиси К.Р.К. жана дене тарбия жана спорт департаментинин каржы бөлүмүнүн башчысы А.Р.Д. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Аталган жооптуу кызмат адамдары, спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция тарабынан «Көк-Бөрү», «Кыргыз улуттук классикалык күрөш», «Алыш-бел боо күрөш», «Салбуурун», «Кулатуу», «Ат оюндары» федерацияларын көзөмөлдөгөн усулчу жана машыктыруучулар менен алдын ала макулдашып алып, 2022-жылы Түркияда өткөрүлгөн дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барып келген спортчуларга күнүмдүк тамак ашына, байге фондуна жана “Окуу-машыгуу жыйындарын” өткөрүү үчүн мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн өзгөчө ири суммадагы акча каражаттарын  өздөрүнө ыйгарып алышканы такталды.

Коррупциялык схемага тиешеси бар жооптуу кызмат адамдарын аныктоо максатында, тиешелүү болгон ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты