Улуттук онкология борборунун дарыгери бейтаптардан акча талап кылууга шектелип кармалды
- 2 недели мурун
- Видео
Улуттук онкология жана гематология борборунда системалуу түрдө акча чогултуу жана алуу фактылары аныкталган.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
28-январда козголгон кылмыш иштин алкагында, улуттук онкология жана гемотология борборунун дарыгери – 1988-жылы туулган С.М.П. кармалган. Ал системалуу түрдө онкологиялык оорулууларга жасалган операциялар жана акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн, ошондой эле акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынган төлөмдөрдү реестерге каттабастан, квитанция бербестен, бейтаптардан 2 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча каражаттарын алып жүргөн.
Буга байланыштуу санкцияланган видео байкоонун жүрүшүндө аталган дарыгер тарабынан пара алуунун көптөгөн фактылары тастыкталган. Дарыгердин кабинетин тинтүүдө бейтаптардан алынган 119 000 сом жана 100 АКШ доллары табылып, алынган.
Козголгон кылмыш иштин алкагында дарыгер С. М. П. кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
