Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкери кармалды

Бишкек шаарынын Щербаков көчөсүндө жайгашкан тигүү цехи аныкталып, анда Түштүк Азия мамлекеттеринин биринен келген 20 чет элдик жарандын, жашап жана иштеп жүргөндүгү белгилүү болгон. Аталган адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү уруксаат кагаздары жок эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүшкөнү аныкталган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, имаратты ижарага алган киши улуттук коопсуздук органдарынын учурдагы кызматкери катары өзүн тааныштырган жаранга эмгек мигранттарын мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүүгө жана компетенттүү органдар тарабынан мүмкүн болгон текшерүүлөрдөн «жаап-жашыруу үчүн» олуттуу суммадагы акча каражатын берген.

Аталган жарандын УКМКга тиешеси жок экендиги, аталган органдан иштен бошотулгандыгы аныкталган. Ошого карабастан, ал жабырлануучу тарап менен байланышты улантып, берген убадаларын аткарууну кечеңдетип жүргөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, ишкер менен жалган кызматкердин ортосунда акча каражаттарын жарым-жартылай кайтарып берүү фактылары катталып, аудио жана видеоматериалдар менен тастыкталган. Кийинчерээк ал убадаларын толук аткарбай, баарлашуудан баш тарткан.

Жабырлануучу тараптын арызынын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

2-июлда шектүү Бишкек шаарынан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты