Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкери зордуктоого шектелип кармалды  

  • 2 года мурун

Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкери зордуктоого шектелип кармалды.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.  

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкекте зордуктоого эки аскер кызматкери шектелип жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.  

Башкы прокуратуранын маалыматында кабарлангандай, тергөөнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Сыдыков-Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде  5-сентябрда таңкы саат 04:30да машинанын ичинде эки киши аны күч менен зордуктагандыгына байланыштуу чара көрүү тууралуу арыз түшкөн.

Бул факты боюнча Улуттук гвардиянын У.А. жана А. Т. аттуу эки аскер кызматкери кармалып, кылмыш-кодексинин 154-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.    

11-сентябрда аталган эки шектүү кармалып, Бишкек гарнизонунун гаупвахтасына камалды.

Биринчи май райондук соту тарабынан алардын бөгөт чарасы каралат.      

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты