Улуттук госпиталдын врачына дагы кол көтөрүштү
- 1 год мурун
- Видео
Улуттук госпиталдын врачына кол көтөрүштү. Дарыгердин кесиптештери кол көтөргөн киши милиция кызматкери экенин айтышууда. Дарыгердин биринин айтымында, окуя бүгүн, 16-июлда, саат 21:00 болгон.
“Милиция кызматкери кармалган кишини медициналык тастыктоого алып келген. Милиция кызматкеринин жолдомосу №4 ооруканага экен. Нөөмөттөгү врач жолдомону туура жазып алып келүүнү суранган. Милиция кызматкери ал жерди оңдоп, кайра тапшырган. Ошол себептен милиция кызматкери дарыгерге кол көтөргөн” деп айтканы социалдык тармактарга жарыяланды.
Социалдык тармактарда окуянын видеосу тарады.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы окуядагы видео тасмада милиция кызматкери жок экенин, күнөөлүүлөрдү издеп жатышканын билдирди.
2025-жылдын 9-июлунда саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда врач-ординатор Бообек Сооронбеков иш учурунда бейтапты коштоп келгендер тарабынан сабалган.
Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын профессорлор жана окутуучулары врач-ординатор Бообек Сооронбековдун сабалышы боюнча башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук комитетине кайрылуу жасады.




