КММА профессорлору жана окутуучулары врач-ординатор Сооронбековдун сабалышы боюнча кайрылуу жасады    

  • 11 месяцев мурун

Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын профессорлор жана окутуучулары врач-ординатор Бообек Сооронбековдун сабалышы боюнча башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук комитетине кайрылуу жасады.    

Кайрылууда 2025-жылдын 9-июлунда саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда врач-ординатор Бообек Сооронбековдун иш учурунда бейтапты коштоп келгендер тарабынан сабалышына кабатыр болгонун билдирип, бул окуяга баа берүүнү өтүндү.   

“Биз, Иса Коноев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын (КММА) профессорлор жана окутуучулар курамы 2025-жылдын 9-июлунда Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын оталорингология бөлүмүндө врач-ординатор Бообек Сооронбековдун нөөмөт учурунда сабалышына кабатыр болгонубузду билдиребиз. Өзүнүн кесиптик милдеттерин аткаруу, медициналык жардам көрсөтүү  учурунда кесиптешибиз бейтапты коштоп келген белгисиз жаран жана Азизбек кызы тарабынан кол салууга кабылган. Бул аракеттер мыйзамды бузуу гана болуп саналбастан, коомдогу нравалык баалуулуктарды, анын ичинде медицина кызматкеринин эмгеги корголуп жана урматталууга тийиш деген принциптерге каршы келет.  Бул окуяда врач жабырлануучу болгонуна карабастан, участкалык милиция кызматкери З.К. Аканов кол салган Азизбек кызынын арызы менен ошол эле күнү нөөмөттөгү врачты кармады. Биринчи май райондук сотунун чечими менен врач-ординатор Сооронбеков үч күнгө камалган” деп айтылат билдирүүдө.  

Кайрылууда белгиленгендей, ошол күнү Сооронбеков нөөмөттө, оорулуулардын саламаттыгына жооп берип, кызматта болчу. Врачты кармоо менен, тез арада медициналык жардамга муктаж башка бейтаптардын өмүрүнө коркунуч келтирилген. Бул медициналык этикага да жатпайт.

Врач Сооронбековдун абакта ден соолугуна залал келип, Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылган. Ооруканадан ага кайтаруучу коюлган. Кийинчерээк Сооронбеков Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө моралдык жана дене боюна залал келтирилгендиги боюнча арыз жазууга аргасыз болгон.  

“Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат” демекчи, биздин кесиптешибиз дал ушундай абалга кабылып отурат, кесиптик милдеттерин аткаруу учурунда өзү кол салууга кабылган. Биз Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылып, кесиптик милдеттерин аткарып жатканда врач өзү кол салууга кабылып жана камалып калышына баа берип коюуга чакырабыз” деп айтылат кайрылууда.    

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты