#ПАЙДАЛУУ: Балдардын бүкүрөйүүсүн кантип оңдосо жана алдын алса болот? Ортопед-травматолог жооп берет
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Жаш балдардын бүкүрөйүүсү — азыркы учурдун олуттуу көйгөйлөрүнүн бири. Сааттап телефон карап отурган, кыймылы аз балдар бул көйгөйгө көп кабыларын айткан Максатбек Мамасыдыков — 18 жылдык стажысы бар ортопед-травматолог. Анын айтымында, балдар канчалык кичинекей болсо, ошончолук бүкүрөйүүнүн алдын алуу же дарылоо жеңил. Мамасыдыков учурда жеке менчик клиникада иштейт.
Ал “Политклиника” медиасына бүкүрөйүүнүн себептери, аны дарылоо жана алдын алуу үчүн бир нече кеңештерди айтып берди.
Жаш балдардын бүкүрөйүүсүнүн себептери көп
Адистин айтымында, жаш балдар көбүнчө 8-9 жаштарында бүкүрөйө башташат. Анткени бул куракта алардын бою тез өсөт.
“Жаш балдардын бүкүрөйүүсүнүн бир нече себептери бар. Алардын бири — балдардын сабакка көтөрүп барган рюкзактарынын оор болушу. Ошондой эле жаш балдар сабак окуп жатканда туура эмес, жатып алып же кыйшайып отурушат. Мындан тышкары бүгүнкү күндө көп балдардын сөөк-булчуң системалары алсыз, себеби спорт менен машыгышпайт. Бүкүрөйүүгө алып келген дагы бир себеп — уюлдук телефондо көп отуруу. Азыр дээрлик ар бир балада телефон бар. Ал эми кыз балдар 12 жаштарында бойго жетилген кезде көкүрөктөрүнөн уялып, бүкүрөйүп баса башташат. Ошондон дагы келип чыгат”.
Бүкүрөйүү кандай көйгөйлөргө алып келет?
Дарыгер Мамасыдыков жаш балдардын бүкүрөйүүсү бара-бара сколиозго алып келиши толук мүмкүн экендигин айтты.
“Себеби сөөк-булчуң системасы туура эмес болсо, баланын омуртка сөөгү кыйшайып өсө баштайт. Бүкүрөйүү кифозго да алып келип коёт. Кифоздо моюн омурткалары сыртка карай кыйшаят. Биз “холка” деп коёбуз го, моюндун аркасы шишик болуп чыгып калат, мына ошого да алып келет”.
Бүкүрөйүүнү кантип оңдосо болот?
“Бүкүрөйүү тамандан башталат. Ошондуктан биз биринчи май тамандуулукту оңдоо үчүн балдарга атайын ортопедиялык батектерди кийгизебиз. Бала батектерди бир жыл бою мектепте болобу, үйдө болобу, бардык жерде кийип жүрүүсү керек. Батектерди 5 ай сайын баланын бутуна тууралап, оңдоп турабыз. Батек менен бутту бир жылдын ичинде оңдосо болот. Мага 5-6 жылдан бери ортопедиялык бут кийим кийип жүрөбүз, бутубуз оңдолбой жатат деп кайрылгандар көп болот. Бут батек менен жакшы оңдолот.
Ошондой эле, биз балага дене мүчөсү түздөлмөйүнчө корсет кийгизебиз. Беш ай же бир жыл. Эгерде корсетти калтырбай жакшы кийсе, биздин көрсөтмөлөрдү так аткарса, 5 айда эле натыйжасын берет”.
Дарыгер бүкүрөйүүнү, май тамандуулукту өз алдынча оңдоо үчүн да кеңештерди берди.
“Мындан сырткары массаждык килемдин үстүнөн басыш керек. Анын чыгып турган жерлери бутту сайгылаганда, тамандын булчуңдары жыйрылат. Ошондо таман өзүнүн формасын өзгөртө баштайт.
Дагы бир кеңешим: кадимки камыр жайган үбөлүктүн үстүнө таманды коюп, үбөлүктү ары-бери тоголотуп, таманга массаж жасоо керек. Бул көнүгүүнү эки маал: эртең менен кечинде тамандын ар бирин 15 мүнөттөн жарым саат жасаш керек.
Андан кийин эң жакшы көнүгүү бул — сууда сүзүү. Бассейнге барыш керек. Атайын тренерлер менен барса андан жакшы. Сууда сүзгөндө денедеги кыска булчуңдар бекемделет. Бул дагы сөөк-булчуң системаларын түздөйт. Ошон үчүн мен көбүнчө сууда сүзүүнү сунуштайм».
“Бүкүрөйүүнү кичинекей кезде оңдоо жеңил”
Максатбек Мамасыдыковдун айтымында, бүкүрөйүү, омуртка сөөктөрдүн кыйшаюусу жана сколиоз негизинен тамандын туура эмес калыптануусунан башталат. Ошондуктан баланын таманынын туура өсүүсүн кичинекей кезинен баштап көзөмөлдөп туруу керек.
“Негизи балдар төрөлгөндө эле май таман менен төрөлөт. Бул нерсе 3 жашка чейин нормалдуу. Кийин 3 жаштан кийин таман өзүнүн формасын өзгөртүшү керек. Эгерде өзгөрбөсө, таманды ошол мезгилден баштап дарылай баштайбыз. Май тамандуулуктун эки түрү бар: вальгустук — тамандын ичке карап кыйшаюусу жана варустук — тамандын сыртка карап кыйшаюусу. Балдарда май тамандуулук бар болсо, баланын өзүнүн салмагы эки бутуна бирдей түшпөй калат жана буттун булчуңдары туура эмес иштей баштайт. Мындан улам баланын сөөктөрү: согончок, кызыл ашык, балтыр, тизе, жамбаш сөөк, анан бел ооруп, омурткасы кыйшая баштайт. Бизде баланын буттары ооруса, “боюң өсүп атат” деп айтып коёбуз. Бирок бул андай эмес. Бул так ошол буттун кыйшаюусунун себебинен ооруйт. Эгерде бутту теңдеп койсок, ооруганы ошол замат токтойт.
Бүкүрөйүүнү жана май тамандуулукту дарылоонун эң жакшы учуру бул — 2 жаштан баштап 12 жашка чейинки курак. Себеби ошол мезгилде баланын бою бат өсөт. Өсүп аткан учурда бат оңдолот. 12 жаштан 20 жашка чейин деле оңдосо болот, бирок өсүү процесси акырындап калгандыктан, дарылоо көп убакытты талап кылат.
Ал эми 20 жаштан кийин оңдош кыйын болуп калат. Жанагы кыргыздарда айтып коёбуз да, сөөгү катып калды деп. Алар деле оңдолуп жатат, бирок бир аз кыйынчылык туудуртат. Мунун бардыгы өсүү учурунда гана жакшы оңдолот».
Бүкүрөйүүнүн алдын алуу: “Балдарыңарды спортко бергиле”
“Мен ата-энелерге балдарыңарды спортко бергиле деп айтат элем. Спорт менен алектенишсин. Эң жакшысы бул — сууда сүзүү. Бирок бизде бассейндер көбүнчө Бишкекте эле бар. Айыл жергесинде жашагандарга болсо, балдарыңарды спорт менен машыктыргыла дейм. Турникке тартылыш керек, бруста ойнош керек. Спорт баланын булчуңдарын чыңалтып, жакшы өстүрөт. Ошондо бүкүрөйүү деген болбойт. Себеби бүкүрөйүү булчуңдардын алсыздыгынан да келип чыгат”.
Ортопед Мамасыдыков ата-энелер бала төрөлгөндөн баштап, анын түз өсүп жаткандыгына көңүл бөлүп, керектүү учурларда дарыгерге көрсөтүп, консультация алып турушу керек экендигин кошумчалады.
“Биз балдарды төрөлгөндөн баштап карап турушубуз керек. Төрөлгөндөн бир жашка чейин балада дисплазия барбы, жокпу аны карайбыз (ред. дисплазия – жамбаш муунунун туура эмес өсүшү). Эгерде дисплазия бар болсо, баланы ар бир үч айда ортопедге көргөзүп туруу керек. Анан эки жаштан кийин баланын таман сөөгүнүн туура өсүп жатканын текшерип туруу маанилүү. 8-9 жашка барганда балада сколиоз пайда болушу мүмкүн. Ошол учурда бала түз өсүп жатабы, анын сөөк-булчуң системаларынын баары жакшы калыптанып жатабы деп улам карап, атайын адистен консультация алып туруу керек”.
Сүрөт: интернет булактары