Улуттук госпиталда врачка кол көтөрүү. Тараптар жарашып, арыз берүүдөн баш тартышканын милиция билдирди

  • 6 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы, Улуттук госпиталда нөөмөттөгү врачтын токмок жеши боюнча билдирүү таратып, тараптар бири-бирине дооматы жок экенин, арыз берүүдөн баш тартканын билдирди.   

16-июлда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ)  “102” кызматына Улуттук госпиталда медицина кызматкери менен бейтаптын ортосунда жаңжал болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Аталган маалымат Биринчи май РИИБи тарабынан катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

“Чакыруу болгон жерге Биринчи май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган. Бул окуя боюнча эки тарап тең укук коргоо органдарына арыз жазбоо чечимин кабыл алышкан. Чыр-чатак тынчтык жолу менен чечилгенин, катышуучулардын бири-бирине дооматтары жок экендигин билдиришип, арыз берүүдөн баш тартышкан.

Мындан тышкары, жаңжал чыккан жерде чагылдырган видеодо милиция кызматкери катышкан эмес» деп айтылат маалыматта.

Улуттук госпиталдын врачына кол көтөргөн милиция кызматкери экени айтылган. Дарыгердин биринин айтымында, окуя 16-июлда саат 21:00дө болгон.

“Милиция кызматкери кармалган кишини медициналык тастыктоого алып келген. Милиция кызматкеринин жолдомосу №4 ооруканага экен. Нөөмөттөгү врач жолдомону туура жазып алып келүүнү суранган. Милиция кызматкери ал жерди оңдоп, кайра тапшырган. Ошол себептен милиция кызматкери дарыгерге кол көтөргөн” деп айтылып, видео социалдык тармактарга жарыяланган.

Иллюстрациялык сүрөт: Социалдык тармактагы видеотасмадан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты