Улуттук госпиталда кохлеардык имплант коюу операциялары жасалды
- 2 месяца мурун
Улуттук госпиталда биринчи ирет кохлеардык имплант коюу операциялары жасалды.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Эки бейтапка ийгиликтүү операция жасалып, абалы туруктуу. Бул операциялар кулак, мурун жана тамак ооруларын дарылоо үчүн заманбап медициналык жабдууларды сатып алуунун натыйжасында мүмкүн болгон.
“Операция жасоо жана ата мекендик адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн Кыргызстанга литвалык отоларинголог жана кохлеардык имплантация тармагындагы эксперт Гедриус Гилис чакырылган. Ал кыргызстандык хирургдар менен биргелешкен операцияларды жасап, мастер-класс өткөрүп, жергиликтүү адистерге заманбап техникалар жаатында тажрыйбасы менен бөлүштү” деп айтылат маалыматта.
Маалыматта айтылгандай, Улуттук госпиталдын ЛОР бөлүмүндө жогорку технологиялык операция жүргүзүү үчүн угууну диагностикалоочу аудиометр, угуу функциясын өлчөө үчүн импеданстык аудиометри, риноскопиялык комплекс, ЛОР микроскобу сатылып алынган. Сатып алуунун жалпы суммасы 15 миллион сомдон ашкан.
Сүрөт: med.kg