Медицина илимдеринин доктору, белгилүү хирург Орозалы Көчөрөв дүйнөдөн кайтты
- 1 месяц мурун
2025-жылдын 5-ноябрында медицина илимдеринин доктору, Кыргыз-Россия Славян университетинин жалпы жана факультеттик хирургия кафедрасынын профессору, Улуттук госпиталдын хирургу Орозалы Көчөров дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Орозалы Көчөров 1957-жылдын 16-апрелинде Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айылында төрөлгөн.
1976-жылы Жалал-Абад медициналык окуу жайын аяктап, ошол эле жылы эмгек жолун Кара-Суу райондук борбордук ооруканасында педиатрдын жардамчысы болуп баштаган.
1976–1979-жылдары Советтик Армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн.
1979-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетине тапшырып, 1985-жылы “Дарылоо иши” адистиги боюнча ийгиликтүү бүтүргөн.
1985–1987-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун жалпы хирургия кафедрасында клиникалык ординатурадан өткөн. Аны аяктагандан кийин 1989-жылга чейин республикалык клиникалык оорукананын кан тамыр хирургиясы жана ириңдүү хирургия бөлүмдөрүндө дарыгер болуп иштеген.
1989–2009-жылдары ириңдүү хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2009-жылы Улуттук госпиталдын хирургия боюнча башкы дарыгеринин орун басары болуп дайындалып, бул кызматты 2017-жылга чейин аркалаган.
2002-жылы «Өнөкөт гематогендик остеомиелитти хирургиялык дарылоо» темасында кандидаттык диссертациясын жактаган.
2013-жылы «Жумшак ткандардын жана сөөктөрдүн ириңдүү оорулары менен жабыркаган бейтаптарды хирургиялык реабилитациялоо» темасында доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактаган.
Жогорку категориядагы хирург Орозалы Көчөров 45 илимий эмгектин, анын ичинде бир монографиянын автору болгон. Ал 18 рационализатордук сунуштун күбөлүгүнө жана 1 патентке ээ.Саламаттык сактоо министрлигинин жана Улуттук госпиталдын жамааты Орозалы Тайтокуровичтин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.
Сүрөттө: Орозалы Көчөров. Интернет булактарынан




