Байтик айылындагы «Кашкулак» лыжа базасында кырсык болду
- 1 месяц мурун
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылындагы “Кашкулак” тоо-лыжа базасында кырсык болду.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) билдирди.
Анда айтылгандай, кечээ, 8-февралда, саат 21:40та Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө “Кашкулак” лыжа базасында А. аттуу кыз лыжа тээп жатып, жарга кулап кетип, жаракат алгандыгы тууралуу кабарланган.
Бул факты каттоого алынып, тергөө-ыкчам тобу ал жакка барганда, 2006-жылы туулган Т.А. аттуу кыз достору менен лыжа базасына келип, лыжа тээп жаткан. Кыз лыжа тээп келе жатып, катуу ылдамдык менен тосмону бузуп, жарга кулап кеткендиги аныкталган.
Жаракат алган кыз Бишкектеги Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Анын эки буту, омурткасы сынгандыгы тууралуу алдын ала аныктама коюлган.
Бул факты боюнча тиешелүү соттук-экспертиза дайындалган. Тергөө иштери жүргүзүлүүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




