Улуттук банктын башкармалыгынын мурдагы мүчөсү кармалды  

  • 1 год мурун

«Керемет Банк» ААК (мурдагы «Росинбанк») 8 миллиард сомдон ашык каражатты мамлекеттик бюджеттин эсебинен мыйзамсыз инвестицияга салган, бул пайдасыз болуп, мамлекетке 4,5 миллиард сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, көзөмөлдөө бөлүмүнүн мурдагы куратору,  Улуттук банк башкармалыгынын экс-мүчөсү Ж.Т. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иши улантылып жаткандыгы белгиленди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты