Улуттук банк ШКУнун 25 жылдыгына карата күмүш тыйын чыгарды
- 1 месяц мурун
Улуттук банк 2026-жылдын 11-майынан тартып «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Шанхай Кызматташтык Уюмуна — 25 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.
Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.
2001-жылы Кытайдын Шанхай шаарында негизделген ШКУ 2026-жылы түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилейт.
Монетанын алдыңкы бетинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун расмий эмблемасы жана аталган уюмга мүчө-мамлекеттердин (Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан) желегинин сүрөттөрү түшүрүлгөн.
Монетаны тегерете «Шанхай Кызматташтык Уюмуна — 25 жыл/Шанхайской организации сотрудничества – 25 лет» деген жазуу жайгаштырылган. Монетанын жогору жагында, Шанхай Кызматташтык Уюмунун расмий эмблемасынын үстүндө металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн, ал эми монетанын төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы (10) жана сомдун графикалык белгиси (С) түшүрүлгөн.
Монетанын арткы бетинде Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин географиялык картасында Кыргыз Республикасынын герби жана «25» деген сан чагылдырылган. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө монетанын чыгарылган жылы (2026) көрсөтүлгөн.
«Шанхай Кызматташтык Уюмуна 25 жыл» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Коллекциялык монета Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кассасында 15 350,00 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин сатылат.


Сүрөттөр: nbkr.kg




