Улуттук банктын 12% деңгээлиндеги эсептик чени күчүнө кирди
- 2 месяца мурун
Улуттук банк башкармалыгы 27-апрелде эсептик ченди (негизги ченди) 12,00 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 28-апрелден тартып күчүнө кирди.
2026-жылдын башталышынан тартып Кыргыз Республикасында инфляция (17-апрелине карата абал боюнча) 3,9 пайызды түздү (жылдык мааниде – 11,3 пайыз).
Керектөө бааларынын индексинин жылдык көрсөткүчүнүн түзүмүндө негизги товардык топтор боюнча баалардын ар багыттагы динамикасы байкалууда: азык-түлүк компоненти 10,8 пайызга кымбаттаса, азык-түлүктөн башка товарлардын баасы 9,2 пайызга, тамеки жана алкоголдук продукция 8,9 пайызга жогорулаган, ошол эле учурда «кызмат көрсөтүүлөр» тобунда баалардын өсүш арымы жогору болуп – 17,2 пайызды түзгөн.
Ички суроо-талап эмгек акылардын жана акча которуулардын өсүшүнүн фонунда калктын керектөө активдүүлүгү менен колдоого алынууда. Жалпысынан өлкөдө экономикалык активдүүлүк жогорку деңгээлде сакталууда: 2026-жылдын январь-март айларында өлкөнүн реалдуу ички дүң продукциясы 10,1 пайызга өстү. Экономиканын өсүшүнө мурдагыдай эле кызмат көрсөтүүлөр, өнөр жай жана курулуш негизги салым кошууда.
Эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландык отурум 25-майда өтөт.
Сүрөт: president.kg




