Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев болду
- 2 месяца мурун
Алмаз Бакетаев Улуттун банктын төрагасы болду.
Бүгүн, 18-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасын шайлоо маселеси каралды. Аталган кызмат ордуна Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Алмаз Бакетаевди Улуттук банктын төрагасы кызматына шайлашты. Ага 73 депутат добуш берди.
Улуттук банктын төрагасы кызматын аркалап келген Мелис Турганбаев өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын тапшырды.
Сүрөттө: Алмаз Бакетаев. kenesh.kg
Муну бөлүшүү




