Улуттук банк эсептик ченди 12 пайыз деңгээлинде калтырды  

Улуттук банк башкармасы 26-октябрга эсептик ченди (негизги ченди) 12,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 27-октябрдан тартып күчүнө кирет. 

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстанда акыркы айда баалар динамикасынын орточо өсүш арымы катталган – 2026 жылдын октябрь айында жылдык инфляция көрсөткүчү сентябрь айындагы 12,2 пайыз деңгээлинен төмөндөп, 10,8 пайызды (жыл башынан бери инфляция 8,5пайызды) түздү.

Кыргызстанда инфляцияга Жакынкы Чыгышта орун алып жаткан кагылышуудан улам дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторундагы баа коньюнктурасынын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан тышкы факторлор таасирин тийгизип жатат. Мында, Улуттук банк тарабынан колдоого алынган катуулатылган акча-кредиттик шарттар, ошондой эле Министрлер кабинетинин ички рынокту социалдык маанилүү товарлар менен камсыздоо боюнча инфляцияга каршы чаралары инфляция көрсөткөчүнө таасирин тийгизген. 

2026-жылдын 9 айы ичинде экономикада реалдуу ички дүң продукция 10,8 пайызга өстү. Экономиканын өсүшү, негизинен курулуш секторунда, ошондой эле калктын кирешесинин өсүшүнүн алкагында ички керектөөнүн артышы менен колдоого алынууда. Туристтик ишкердик жана өлкөдө өткөрүлүп жаткан ири эл аралык иш-чаралар экономиканын өсүшүнө кошумча колдоо көрсөтүүдө. 

Акча-кредит саясатынын чаралары инфляцияга монетардык факторду чектөөгө багытталган. Экономикадагы акча-кредиттик катуулатылган шарттар сакталууда, бул тышкы шарттардын өлкөдөгү баалардын өзгөрүшүнө таасирин минималдаштырууга жана улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоого мүмкүндүк берет.

Дүйнөдөгү геосаясий курч абалдын сакталып турушу дүйнөлүк энергия продукциялары жана азык-түлүк товарлары рынокторундагы баалардын туруксуздугуна таасирин тийгизип, эл аралык товарларды жеткирүү багытында чектөөлөрдү шарттап келет. Дүйнөдө жана аймакта инфляцияны күчөтүүчү тышкы факторлорду эске алуу менен өлкөдө инфляциянын максаттуу көрсөткүчүн орто мөөнөттүү келечекте 5-7 пайызга чейинки деңгээлде камсыз кылуу максатында, эсептик ченди 12,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечими кабыл алынды. 

Улуттук банк башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча план чегинде кийинки отуруму 2026-жылдын 30-ноябрында өтөт. 

Сүрөттө: Улуттук банк имараты

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты