Улуттук банк: Орусиянын SWIFT системасынан өчүлүлүшү Кыргызстан банктарына таасир этпейт

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Улуттук банкы айрым орус банктарынын SWIFT — банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан өчүрүлүү ыктымалдыгына байланыштуу билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын коммерциялык банктарынын көпчүлүгү Улуттук банк аркылуу же түздөн-түз SWIFT системасына туташтырылган. Орусиянын айрым банктарын SWIFT системасынан өчүрүү тобокелдиги Кыргызстан банктарынын кардарларынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт.

Кыргызстан банктары тарабынан алыскы чет өлкөлөрдүн, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн банктары менен корреспонденттик мамилелер боюнча келишимдер түзүлгөн, мындай келишимдер Кыргызстандын чегинен тышкары товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Андан тышкары Улуттук банктын талабына ылайык, коммерциялык банктар финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн альтернативдүү байланыш каналдарына ээ экени белгилүү болду.

Улуттук банк Кыргызстандын банк системасы өзүнүн туруктуулугун сактап турганын, коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп, улуттук сыяктуу эле эл аралык төлөм системалары боюнча да кызмат көрсөтүүлөрдү кошуу менен кардарларга банк кызматтарынын толук түрүн көрсөтүп жатканын кабарлайт.

АКШ, Евробиримдик жана алардын өнөктөштөрү Орусиянын Украинага согуш ачканы үчүн санкцияларды катаалдатып, айрым орус банктарын SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан өчүрмөй болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты