Бишкекте суунун тарифин көтөрүү боюнча токтом долбоору шаар кеңешинин кароосуна жиберилди

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарында ичүүчү сунун тарифи бир кубуна 10 сом 45 тыйын болсо, аны 15 сом 73 тыйынга көтөрүү каралууда.

Бишкек шаарынын мэриясы «Бишкек суу канал» мамлекеттик ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү суу менен жабдуу жана канализация кызматтарына, ошондой эле көп кабаттуу турак үйлөрдүн жалпы пайдалануудагы ички суу түтүк жана канализация тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө токтом долбоорун Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизди.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Бул демилге тарифтерди учурдагы экономикалык шарттарга шайкеш келтирүү жана ишкананын узак мөөнөттүү туруктуу ишин камсыз кылуу зарылдыгына байланыштуу экендиги белгилнди. Мэриянын билдирүүсү боюеча, учурдагы тарифтер бир нече жыл мурда түзүлгөн, ал убакыт аралыгында электр энергиясына, материалдарга, инфратүзүмдү тейлөөгө жана системаны өнүктүрүүгө кеткен чыгымдар бир кыйла өстү. Ошондой эле шаар еңейип жатат, тармактардагы жүктөм көбөйүүдө, ал эми аларды жаңылоо кошумча салымды талап кылат.

Маанилүү факторлордун бири болуп инфратүзүмдү модернизациялоо, анын ичинде тазалоо курулмаларынын сапатын жакшыртууга жана экологиялык коопсуздукту жогорулатууга багытталган. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан эл аралык долбоорлор эсептелет. Бул долбоорлор системаны акырындык менен жаңылоого, аны заманбап жана ишенимдүү жасоого мүмкүндүк берет.

Макулдашылган базалык тарифтер: суу үчүн — 1 кубометрге 15,73 сом, суу чыгаруу үчүн — 6,80 сом. Ушуну менен бирге керектөөчүлөрдүн ар кандай категориялары үчүн дифференцияланган ыкманы киргизүү, ошондой эле көп батирлүү үйлөрдүн ички тармактарын тейлөө үчүн өзүнчө тариф белгилөө сунушталууда.

Бишкекте ичүүчү суунун баасы көтөрүлөрү тууралуу борбор шаардын мэри Айбек Жунушалиев 17-апрелде «Биринчи радионун» таңкы түз эфирине берген маегинде айтты.

-Бишкек шаары борбор болгону менен, эгер республиканын ичинен карасак дагы, эң төмөн тарифтер бизде. Мына, таштандыны ала турган болсок, 41 сом бул эң төмөн тариф, жакынкы шаарларды карасак, алардыкы 50 сомдон 60 сомго чейин жогору турат. Бирок Бишкек шаарында тарифтерди көтөрүү маселеси турбайт. Биз бир  гана таза суу маселеси боюнча турат, себеп дегенде биз бир кубга 10 сом 45 тыйын. Бир литри бир тыйындай болуп калып атат да. Ошондуктан биз ошол жерин карап жатабыз, башка коммуналдык төлөмдөрдү жогорулатабыз деген иш-аракет жок, -деди Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты