Улуттук банк коммерциялык банктарга Кыргызстандан накталай АКШ долларын алып чыгууга убактылуу тыюу салды

  • 2 года мурун

Улуттук банк коммерциялык банктарга, акча алмашуу жайларына, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ долларын Кыргызстандын чегинен алып чыгууга убактылуу тыюу салды.

Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланды.

Бул чара Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыздоо жана ички валюта рыногундагы абалды жөнгө салуу максатында жасалды.  

Токтомго ылайык, 11-мартта саат 17:30 дан баштап бул иш-чара ишке ашырыла баштады.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты