Улуттук банк эсептик ченди 9% деңгээлинде сактап калды

  • 2 года мурун

Улуттук банк башкармалыгы 2024-жылдын 25-ноябрында эсептик ченди (негизги ченди) 9,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 26-ноябрдан тартып күчүнө кирет. 

Бул тууралуу Улуттук банк сайтында маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасында инфляция Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн акча-кредит саясатынан улам туруктуу сакталууда. Жылдык инфляция көрсөткүчү 2024-жылдын ноябрь айында жыл башындагы 7,3 пайыздан төмөндөп, 5,2 пайызды түзгөн. Инфляция түзүмү олуттуу өзгөрүүгө учураган жок – азык-түлүк жана азык-түлүктөн башка товарларга баалардын өсүш арымынын басаңдашы уланып, орточо чекте кармалып турат. Жогорулатылган ички суроо-талап жана тариф саясатынын кабыл алынган чараларынын таасири өлкөдө баалардын жалпы деңгээлине таасир берген негизги факторлордон болуп сакталып турат.  

Улуттук банк валюталык интервенцияларды алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн гана жүргүзөрүн билдирди. 2024-жылдын башынан бери Улуттук банк тарабынан чет өлкө валютасын таза сатуунун көлөмү 20,75 млн АКШ долларын түздү.  

Уулттук банк акча-кредит саясатынын негизги ченин 9,00 пайыз деңгээлинде сактоо жөнүндө чечим өлкөнүн учурдагы макроэкономикалык шарттарына жооп берет деп эсептейт.  

Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландуу отуруму 2025-жылдын 27-январында өтөт. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты