Улуттук банк эсептик ченди 9% деңгээлинде калтырды  

  • 2 года мурун

Улуттук банк башкармасы 27-январда эсептик ченди (негизги ченди) 9,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 28-январдан тартып күчүнө кирет. 

Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасында баа динамикасы бир калыпта болуп, орто мөөнөткө каралган мезгил аралыгында инфляция боюнча максаттуу көрсөткүч – 5-7 пайыз чегинде сакталып турат.

2024-жылдын декабрь айында жылдык инфляциянын көрсөткүчү 6,3 пайызды, 2025-жылдын 17-январына карата абал боюнча – 6,5 пайызды түздү. Тышкы шарттардын тийгизген таасирлери менен катар эле ички суроо-талаптын жогору болушу өлкөдө жалпы баа деңгээлинин учурдагы динамикасын аныктаган фактор бойдон калууда.  

Кыргыз Республикасында 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикадагы өсүш 9,0 пайызды түздү. Кызмат көрсөтүү менен курулуш секторунда эң көп экономикалык жигердүүлүк катталган. Калктын реалдуу кирешелеринин жана жеке жактардын өлкөгө акча которууларынын таза агымынын өсүшү, ошондой эле керектөө кредиттеринин кеңейиши ички суроо-талапка колдоо көрсөткөн.  

Акча-кредит саясатынын аркасы менен ички инфляция боюнча орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүч аралыгында кармалып турат, бирок тышкы факторлор инфляцияны шарттаган мүнөзгө ээ болууда. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын негизги ченин 9,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечими кабыл алынды.

Улуттук банк башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландуу отуруму 24-февралда өтөт. 

Сүрөт: Улуттук банк

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты