Улуттук банк эсептик ченди 9,00 пайыз деңгээлинде калтырды
- 1 год мурун
Улуттук банк башкармалыгы 24-февралда эсептик ченди (негизги ченди) 9,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 25-февралдан баштап күчүнө кирет.
Геосаясий факторлорго байланыштуу тышкы экономикалык шарттар, мурдагыдай эле, бир калыпта эмес жана белгисиз бойдон калууда. Ал эми ички факторлордун (мамлекеттик тариф саясатынын план боюнча кайра каралышы жана ички суроо-талаптын сакталышы) баа динамикасына таасири орточо деңгээлде бааланат. Буга байланыштуу Улуттук банктын эсептик чен өлчөмүн 9,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечими кабыл алынды, бул инфляцияны 5-7 пайыз чегинде кармап турууга мүмкүндүк берет.
Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселе боюнча кийинки отуруму план боюнча 2025-жылдын 28-апрелинде өтөт.
Сүрөттө: Улуттук банк




