Улуттук банк Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына коллекциялык күмүш монета чыгарды

  • 1 год мурун

Улуттук банк Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоонун урматына 28-апрелден тартып «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Улуу Жеңишке — 80 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды.

Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымат берилди.  

Маалыматта айтылгандай, «Улуу Жеңишке — 80 жыл» монетасынын алдыңкы бетинде майрамдык салют түрүндө «80» деген сан берилген. Монетанын жогору жагында жылдыз, төмөн жагында согушта курман болгондорду кайгыруу менен эскерүүнү жана сый-урматты чагылдырган, лента байланган кызыл гүлдесте түшүрүлгөн. Монетанын жээгинде тегерете «Улуу Жеңишке — 80 жыл / 80 лет Великой Победе» деген жазуу чагылдырылган.  

Монетанын арткы бетинин чок ортосунда тынчтыктын жана эркиндиктин символу болгон канат жайган көгүчкөндөрдүн элеси «2025» жана «1945» деген сандар менен бир берилип, Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу чагылдырылган. Монетанын төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925), чыгарылган жылы «2025» жана монетанын салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн. 

Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган. 

Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 5 200 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат. 

Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн 150 миңден ашуун кыргызстандык орден жана медалдар менен сыйланган. 74 адамга Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылcа, 34 адам Даңк орденинин үч даражасынын ээси болуп, 8 миңден ашуун ардагер Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган. 

Улуттук банк Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына коллекциялык күмүш монета чыгарды
Улуттук банк Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына коллекциялык күмүш монета чыгарды

«Улуу Жеңишке — 80 жыл» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. 

Сүрөттөр: nbkr.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты