Улуттук банк 29 акча алмаштыруу жайынын лицензиясын токтотту

  • 2 года мурун

Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактардын иши боюнча 89 валюта алмаштыруу бюросуна инспектордук текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банк тарабынан 22 жазма буйрук жана 6 эскертүү жөнөтүлүп, 29 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети токтотулган .

Алсак, валюта алмаштыруу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынып, 17 алмашуу бюросуна жана 14 жеке адамга   укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жалпы 1 180 000 сом  айып пул салынган. 

 Аталган кодекстин  299-беренесине ылайык, мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясыз чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын кошуу менен банк операцияларын жүргүзүүдө жеке адамдарга 175 эсептик көрсөткүч (17 500 сом), юридикалык жактарга – 550 эсептик көрсөткүч (55 000 сом) өлчөмүндө айып пул салынат.

Мындан тышкары, Улуттук банк чет өлкө валюталарынын курсуна күн сайын мониторинг жүргүзүп,жасалма дүрбөлөң жаратуучу аракеттерди алдын алуу үчүн алмашуу бюролорунун жетекчилеринин жана кызматкерлеринин арасында түшүндүрмө иштерин жүргүзүп келүүдө.

Белгилей кетсек, Улуттук банк  Ички иштер министрлиги жана  мамлекеттик салык кызматы менен 2022-2025-жылдарга лицензиясыз ишке бөгөт коюу боюнча биргелешкен иш-чаралар планына кол койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты