Жогорку медициналык кесиптик билим берүү программалары боюнча ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салынды
- 1 год мурун
Жогорку медициналык жана фармацевтикалык кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.
Анда айтылгандай, лицензияны кайра берүү, токтото туруу, узартуу жана жокко чыгарууну кошпогондо тыюу салуу 2025-жылдын 1-июлунан 2027-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
Документ медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине билим берүү ишин лицензиялоонун тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Министрлер кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгуу жана МинКаб бекитүүсүнө киргизүү тапшырылды.




