Улут аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүү жарыялаган жаран элден кечирим сурады
- 3 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жарыялаган 1989-жылы туулган З.Д.А. аттуу жаран менен түшүндүрүү жана алдын алуу максатында сүйлөшүү жүргүздү.
Натыйжада кармалган адам аталган аракеттерди мас абалында жасаганын жана келечекте мындай жагымсыз кесепеттерге алып келүүчү аракеттерди жасабай турганын билдирген.
УКМКнын тергөө органдары тарабынан З.Д.A.нын чыгарган билдирүүлөрүнө тиешелүү экспертизалар дайындалды, алардын жыйынтыгы боюнча мыйзам алкагында кошумча чаралар көрүлөт.
Сүрөт: УКМК
Муну бөлүшүү




