Укук коргоочу Рита Карасартова камакта калтырылды
- 2 года мурун
Бишкек шаардык соту Рита Карасартованын баш коргоо чарасын карады. Шаардык сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырып, укук коргоочуну 20-декабрга чейин камакта калтырды.
Рита Карасартова Кемпир-Абадды коргоо комитетинде мүчө болчу.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.
Учурда Бишкек шаардык сотунда башка активисттердин кармалышынын мыйзамдуулугу каралып жатат.
Муну бөлүшүү