Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров нааразылык акциясына чыкты (Видео)

Бүгүн, 5-сентябрда, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров  маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин имаратынын алдына “Согушту колдобойбуз!”, “Орусиялык агрессорду колдогон ырчылар бул жакка келбесин!” деген талап менен нааразылык акциясына чыкты.

Анын айтымында, орус-украин согушунда “Кыргызстан нейтралдуу позицияда болобуз” деп коюп, Орусиянын позициясын жактаган ырчыларды боорсок менен, кучак жайып тосуп алып жатышат.

«31-августта борбордук стадиондо «Город 312″, анын башкы солисти Светлана Назаренко келип ырдап эл нааразы болгон. Бул аз келгенсип, эмки айларда Филипп Киркоров, Валерий Меладзе өңдүү артисттер келүүгө камданып жатышат дешет. Бул артисттер баскынчылыкты, согушту жактап, Украинага каршы чыгышканын маданият тармагын тейлеген биздин мыкчыгерлер билишпейт сыяктанат же болбосо кул мүнөздөр экен. Булар Орусия ачкан согушка карата жогорку жактын нейтралдуу позициясын билбейт же билгиси жок» деди Өндүрүш Токтонасыров.

“Агрессорду колдогон орусиялык ырчылар бул жакка келбесин!” деди укук коргоочу.

Өндүрүш Токтонасыров ошондой эле Кыргызстандын маданият министриинин отставкасын талап кылды. Анын себеби министр Азамат Жаманкулов укук коргоочунун плакат көтөрүп министрликтин алдына нааразылык акциясына чыкканын көрүп туруп, эч кандай көңүл бурбастан, акциянын максатын сурабастан, кетип калганы себеп болду.

Сүрөттөр жана видео: “ПолитКлиника” медиасы   

    

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты