Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө жарлык чыкты

  • 1 месяц мурун

Садыр Жапаров  “Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалды.

Жарлыкка ылайык ички иштер министрлиги укук бузуулардын бирдиктүү реестринин кармоочусу (ээси) катары аныкталды.

Башкы прокуратура белгиленген тартипте ички иштер министрлигине катталган укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо боюнча ишти жүргүзүү боюнча функцияларды тиешелүү штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен өткөрүп бермекчи.

 “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары – “УБР” АМС) ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берилет.

Бир жумалык мөөнөттө Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин кароосуна ушул жарлыктан келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизет.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты