Украинанын вице-премьери гуманитардык коридор боюнча иштин алгачкы жыйынтыгын чыгарды

  • 2 года мурун

Украина өкмөтүнүн вице-премьери Ирина Верещук гуманитардык коридор боюнча иштин алгачкы жыйынтыгын чыгарды.

Анын маалыматына караганда, эки күндө Сумы, Тростянца жана Краснополья шаарларынан 60 миндей киши Полтаваны көздөй жөнөтүлдү. Харьков облусундагы Изюм шаарынан үч миңдей киши чыгып кетти. Киев облусундагы шаарлардан 9-мартта 20 миңдей киши эвакуацияланды.

Мындан тышкары Энергодар менен Изюмга 200 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.

Бул арада Мариуполь гуманитардык катастрофа алдында турат. Ал жакка азык-түлүк, дары-дармек жеткирүүгө мүмкүн болбой жатат, жашоочулар да шаардан чыга албай калышты.

Киев облусундагы Ворзель шаарчасында да гуманитардык коридор уюштурууда көйгөйлөр жаралууда.

БУУнун 10-марттагы эсеби боюнча Украинадагы аскердик кол салуудан улам 2,3 миллион киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду, алардын дээрлик жарымы – балдар. Согуш башталгандан бери 516 жай тургун каза тапты.

Орусия менен Украинанын беларус аймагындагы сүйлөшүүлөрүнүн башкы темасы жай тургундарды эвакуациялоо, дары-дармек жеткирүү үчүн гуманитардык коридор уюштуруу болгон.

Тараптар бир-бирин тынчтык режимин жана макулдашууларды бузууга айыптап жатышат.

Сүрөттө: Украина өкмөтүнүн вице-премьери Ирина Верещук. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты