Украинанын президенти Зеленский жана АКШнын өкүлү Кит Келлог Киевде жолугушту  

  • 1 год мурун

Украинанын президенти Владимир Зеленский  жана АКШнын атайын өкүлү Кит Келлог 20-февралда Киевде жолугушту. Алардын жолугушуусунан кийин басма сөз жыйыны болгон жок.   

Зеленскийдин басма сөз катчысы Сергей Никифоровдун айтуусу боюнча, журналисттер үчүн жыйын Америка тараптын өтүнүчү менен өтүлгөн эмес.

Жолугушуудан кийин Владимир Зеленский социалдык тармакка баарлашуу жакшы болгонун жазган, АКШнын украин элин колдоосу үчүн ыраазылык билдирген, ошондой эле маанилүү жыйынтыкка жетүүдөгү биргелешкен иши үчүн Келлогго да ыраазылыгын айткан.  

“Согуш талаасындагы абалды, ошондой эле биздин туткундагы жарандарыбызды кантип кайтаруу керек жана коопсуздук чаралары тууралуу кеңири сүйлөштүк” деп билдирген Украинанын президенти.  

АКШнын атайын өкүлү Келлог Киевге АКШ жана Россиянын Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин 19-февралда барган. Зеленский менен жолугушаар алдында Келлог Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига менен жолугушкан.  

Сүрөт: Зеленский жана Келлог. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты