Кыргызстандык жарандар украин-венгер чек арасына жетти

  • 2 года мурун

Украинадагы кыргызстандык жарандар украин-венгер чек арасына жетишти.

Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбук тармагында билдирди.

Киевден 1-мартта украин убактысы боюнча саат 11де чыккан  Кыргыз Республикасынын 112 жараны, анын ичинде элчиликтин 2 кызматкери, 20 саатта автобус менен украин-венгер чек арасына келишти. Алар чек арадан өтүп  жатышат.

Венгриядан аларды элчиликтин кызматкерлери тосуп алышууда.   

Жарандарыбыздын айрымдары өлкөдө каттоосуз 90 күн болуу тартибин бузгандыктан, чек арадан өтүүдө алар менен көйгөй жаралган. Бул көйгөй да чечилүүдө.  

Польша чек арасына келе жатканда үчөө өз алдынча чыгуу ниетин билдирип, алар да Польшага жетип келишти,- деп билдирди элчи.  

 Сүрөт: Элчинин Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты