Украинадан Польшага кирген кыргызстандык жарандар чартердик каттам менен Бишкекке келишти

  • 2 года мурун

11-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 22.45те чартердик рейс Бишкекке келди. Аталган каттам менен Украинанын аймагынан Польшага киришкен 72 кыргызстандык жаран, алардын ичинде балдар, аялдар учуп келишти.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги билдирди.

Аталган каттам  Украинанын аймагында өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу, Украинанын аймагынан чыгууну каалаган Кыргызстандын жарандарын үчүнчү мамлекеттер аркылуу эвакуациялоонун алкагында жүргүзүлдү.

Эвакуациялык авиакаттамды КР тышкы иштер министрлиги Польша тарап жана Украинанын аймагына чыккан жарандарды мекенине жөнөтүүгө жардам берүүчү «Фронтекс» чек ара кызматы боюнча Европалык агенттик менен бирге уюштурду.

Министрлик Польшадан Кыргызстандын жарандарын мекенине алып кетүү боюнча иштерди улантууда, ошондой эле жакын арада Чехия Республикасынан каттам менен Кыргызстандыктарды эвакуациялоо иши Эл аралык миграция уюмунун Прагадагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен пландаштырылууда. 

Бүгүнкү күнү Украинада кыргызстандыке 86 жаран жайгашууда. Жарандардын саны улам өзгөрүүдө, ошондуктан тизме улам жаңыртылып, ар бир жаран менен байланышуу иштелүүдө. 

Жалпысынан Украинадан Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо мезгилинен бери КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери 635 жаран коопсуз аймактарга чыгышына көмөк көрсөттү:

Кыргызстанга келген жарандар  – 163:

— Венгриядан — 91;

— Польшадан — 72 жаран.

Коопсуз өлкөгө чыгарылгандар:

— Венгрияга — 59 (жалпы 150 жаран чогулган, алардын ичинен 91 Кыргызстанга жөнөтүлдү);

— Польшага — 267 (72си Кыргызстанга жөнөтүлдү, 100гө жакын жаран Польшада калууда);

— Словакияга -20;

— Румынияга- 26;

— Түркияга – 66; 

— Молдовага – 21;

— Чехияга – 85;

— Башка өлкөлөргө  (Литва, Германия) — 18 жаран жөнөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинде жана Украинадагы элчиликте консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

+380980254746, 

+380507763494, ошондой эле элчиликтин «WhatsApp» тобу;

КР ТИМ консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 — ыкчам байланыш номери;

+996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты