Украинадан эвакуацияланган 45 кыргыз жараны Түркиянын чек арасынан өттү

  • 2 года мурун

Кечээ, 6-мартта Украинадан Молдова – Румыния – Болгария каттамы аркылуу келе жаткан Кыргызстандын 45 жараны Түркиянын чек арасынан өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов кабарлады.

Анын айтымында, 5-мартта Болгариянын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин куратору М. Енков менен телефон аркылуу сүйлөшүү болуп, ал кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча Болгариянын аймагы аркылуу Кыргызстандын жарандары үчүн “жашыл коридор” берилгенин билдирген.

Элчи Молдовадан дагы 25 киши автобус менен Түркияга кетерин, ал жерден бардык жарандар мекенине андан ары баруу үчүн жол жүрүү документтерин ала алышарын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты