Украинадагы согушка катышкан кыргыз жараны 10 жылга эркинен ажыратылды

  • 11 месяцев мурун

16-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Украинадагы согушка Орусия тараптан катышкан Кыргызстандын жаранын 10 жылга соттоду. Бул тууралуу соттун чечими act.sot.kg жарыяланды.

Өкүмдө Москвада жашап жүргөн К.у.А. 2022-жылдын июнь айында материалдык пайда табуу үчүн Украинадагы согушка Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп согушка катышканы айтылат.

Шектүү коюлган айыпты толугу менен четке кагып, Орусиянын жарандыгын алыш үчүн аскерге барганын айтып, өзүн “Луганск Элдик Республикасы” (“ЛНР”) деп атап алган жикчил түзүмдөрүндө болгонун ырастаган. Бирок Украинага кирбегенин билдирген.

Сот К.у.А. Кылмыш-жаза кодексинин “Жалдануучулук” беренесинин 2-бөлүгү “Мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарынын уруксатысыз материалдык сый акы алуу максатында башка мамлекеттердин куралдуу жаңжалдарына катышуу” менен күнөөлүү деп таап, 10 жылга абакка кести.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны январь айында кармаган. Атайын кызмат ал Украинага көчүп барып, аскердик топторго кошулуп согушуп жүргөнүн билдирген.

Мекеме Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет.

Булак: «Азаттык»

Сүрөттө: Украинада согушка катышкан деген негизде соттолгон адам. УКМК тараткан сүрөт. 12-январь, 2023-жыл

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты