Украинадагы согушка байланыштуу ВИЧ жана кургак учук илдеттери көбөйүшү мүмкүн

  • 2 года мурун

СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонд Украинадагы согуш Чыгыш Европа жана Борбор Азияда ВИЧ жана кургак учук ооруларынын кескин көбөйүшүнө алып келерин божомолдоодо.

Бул тууралуу фонддун директору Питер Сэндс RedaktionsNetzwerk Deutschland (RND) немис басылмасына билдирди.

Сэндс так сан тууралуу айтуу азырынча эрте экенин, бирок Украинадагы согуш ВИЧ жана кургак учук ооруларынын көбөйүшүнө таасирин тийгизерин айтты.

“Жапырт миграция, качкындарды тар жайларга жайгаштыруу жана медициналык жардам көрсөтүүнү токтотуу инфекциялык оорулардын тарашына шыкакчы болот”, — деп түшүндүрдү глобалды фонддун директору.

Сэндс Орусия кол салгандан кийин көптөгөн украиналыктар медициналык жардам албай калганын, профилактикалык жана дарылоо программалары токтотулганын кошумчалады.

“150дөн ашуун медициналык мекеме талкаланган же зыянга учураган. Медициналык персонал жана бейтаптар качып кетүүгө аргасыз болду, айрымдары жараланды же өлтүрүлдү. Мындай абал ырааттуу дары-дармек алып турушу керек болгон ВИЧ-инфекциялуу жана кургак учук менен ооругандар үчүн өзгөчө кооптуу”, — деп эскертти Сэндс.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде согушка чейин Украинада 260 миң кишинин ВИЧ макамы болгон. Чыгыш Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн арасында ВИЧ жуктургандардын саны боюнча Украина Орусиядан кийин эле экинчи орунда турган.

ДССУнун 2020-жылдагы маалыматы боюнча Украинада 32 миңдей киши кургак учук менен жабыркаган. Бул Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Украина азыркыга чейин кургак учук түйшүгү жогору 30 өлкөнүн тизмесинде. Орусия бул тизмеден 2021-жылы чыгарылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты