Украинада Орусиянын ракеталык соккуларынан алты адамдын өмүрү кыйылды   

  • 11 месяцев мурун

Орусиянын ракеталык соккуларынан жана ок атууларынан акыркы 24 саатта кеминде алты адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Украинанын аймактык бийлик өкүлдөрү билдирди.

17-июнда Харьков облусунда Орусиянын ракетасы чыгарган снаряд жеңил автомашинага тийип, анын кесепетинен төрт жай тургун каза болгонун аймактын башчысы Олег Синегубов Телеграмм каналы аркылуу билдирди. Окуя Орусиянын чек арасынан бир чакырымдай жерде жайгашкан Гурьев Козачок айылында болгон.

Ошол эле маалда Херсондун түштүк аймагында орус аскерлеринин аткылоосунан эки адам каза болуп, дагы жыйырма беш адам жарадар болду, деп билдирди 17-июнда губернатор Александр Прокудин. Анын айтымында, Херсон шаарына баары болуп 44 жолу аткылоо болду. Бутага турак жайлар, билим берүү жана административдик мекемелер, Херсон соода борбору алынды.

Орус аскерлери Днепропетровск шаарынын түштүк аймагындагы Никополь шаарын аткылап, жеке үйлөргө, соода борборлоруна жана электр чубалгыларына сокку урду, деп жазды облустук кеңештин башчысы Микола Лукашук өзүнүн Телеграмм каналына.

Буга чейинки суткаларда орус армиясы Украинанын Донецк облусундагы Угледар шаарын 20 жолу аткылаган. Облустук аскер администрациясынын башчысы Павел Кириленко бир адам набыт болуп, кыйроолор катталганын маалымдаган болчу.

Ошондой эле Украинанын Сумы, Запорожье, Чернигов, Херсон жана башка облустары да аткыланып, андан адамдар набыт болуп, бир канчасы жарадар болгон эле.

Украинанын аскерлери акыркы жумада бир нече багытта контрчабуул жасап, ийгилик жаратып жатышканы кабарланууда. Ошол эле маалда Орусия армиясы Бердянск жана Мариупол багыттарында каршылыкты күчөттү.

Булак: «Азаттык»

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты