Украинада Мирлан Тохтахунов каза тапты

  • 2 года мурун

Украинадагы согушта Россиянын жараны, теги кыргызстандык Мирлан Азизуллаевич Тохтахунов каза тапты.

Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Россиянын элчилигинин коргоо боюнча атташесинин аппаратынын маалыматы боюнча, Россиянын жараны, теги кыргызстандык Мирлан Азизуллаевич Тохтахунов Россиянын Куралдуу аскер күчтөрүндө контракттык негизде кызмат өтөп жаткан. Ал тапшырманы аткаруу учурунда каза тапкандыгы айтылды.  

Маалыматтарга караганда, Украинадагы согушта теги кыргызстандыктардан жетөө каза тапкан, алардын бешөө Россиянын жарандары болгон. Эгемберди Дорбоев, Исламжон Камилов, Рустам Зарифуллин, Адилет Алиев, Сыргакбек Өзүбеков. Ошондой эле  Руслан Полотов жана Аманбек Курбанбаевдин да курман болгондугу ЖМКда жазылган.   

 Орусия 24-февралда Украинага басып кирген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты