Украинада атомдук электростанцияда өрт тутанды

  • 2 года мурун

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Запорожье атомдук электростанциясын аткылап жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал «Твиттерге» жазды.

«Өрт тутанды. Эгер ал жарылса, Чернобылдан он эсе жаман алаамат болот. Орусия токтоосуз аткылоону токтотуп, өрт өчүрүүлөргө жол ачып бериш керек»-деген Кулеба бул Европадагы эң ири атомдук электростанция экенин кошумчалады.

Маалыматты станция жайгашкан Энергодар шаарынын мэри Дмитрий Орлов дагы ырастап, «дүйнө коопсуздугуна коркунуч жаралганын» жазды.

Аталган АЭСтин маалымат катчысы Андрей Туз билдиргендей, орус армиясынын тынымсыз аткылоосунан өрт өчүрүүчүлөр станцияга жакындай албай турушат.

Буга чейин Энергодар шаарынын тургундары жолдорду тороп, орус аскерлерин киргизбөө аракетин көрүп келишкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты