Украина Өзбекстандын «Фотон» компаниясына каршы санкция киргизди

  • 5 месяцев мурун

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши Өзбекстандын «Фотон» компаниясына каршы санкция киргизди. Бул тууралуу украин президентинин кеңсеси кабарлады.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка президент Владимир Зеленский 7-декабрда кол койгон.

Украинанын Коопсуздук кызматынын сунушу менен бул сапар 181 адамга жана 185 ишканага санкция киргизилди. Алардын арасында Өзбекстандагы «Фотон» электроника заводу жана анын 67 жаштагы жетекчиси Марифхожа Сайдумаров да бар. Тизмеге киргендердин активдери 10 жылга тоңдорулуп, ар кандай соода жана транзиттик операциялар блоктолот.

«Фотон» заводу 1941-жылы Подмосковьеден эвакуацияланган ишкананын негизинде түзүлгөн. 1995-жылы акционердик коомго айланып, учурда «Узэлтехсаноат» холдингинин бир бөлүгү катары саналат. Учурда бул завод радиоэлектрондук аппаратуралар үчүн микросхемаларды жана ар кандай электротехникалык буюм-тайымдарды чыгарат. Украина эмне себептен бул заводго санкция салганы так белгиленген эмес. Бирок тизмедеги адамдардын жана ишканалардын бардыгы кандайдыр бир деңгээлде Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттерине көмөктөшүп жатканы жазылган.

Быйыл июль айында Өзбекстандын Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттиги «Фотон» заводундагы мамлекеттин үлүшүн менчиктештирүү боюнча билдирмелерди кабыл ала баштаганын жарыялаган. Анда компаниянын акцияларынын 85,6% сатуу сунушталып жатканы кабарланган.

Буга чейин Улуу Британия Өзбекстандын Mvizion компаниясына каршы санкция салганы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты