Украина: Запорожье АЭСинин окуу корпусундагы өрт өчүрүлдү

  • 2 года мурун

Запорожье атомдук электростанциясынын окуу корпусундагы өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы «Фейсбук» баракчасында кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрт жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 6:20да (Бишкек убактысы менен 10:20) менен чектөөгө алынган. Өрттүн жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түздү. Курман болгондор жана жабыркагандар жок.

4-мартка караган түнү Энергобар шаарында жайгашкан Европадагы эң ири атомдук электростанцияга ракеталык сокку урулуп, өрт тутанганы маалым болгон.

Орус армиясынын тынымсыз аткылоосунан улам өрт өчүрүүчүлөр атомдук электростанцияга бир топко жакындай албай турушкан.

Андан кийин Украинадагы Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Старух өрт өчүрүүчүлөр АЭСке кое берилгенин билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, ракеталык сокку биринчи энергоблокко тийген. Ал жакта план боюнча оңдоп-түздөө иштери башталган. Бирок ичинде өзөктүк отун бар болчу.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 4-марттын таңында АЭСтин чабуулга алынышына байланыштуу чукул кайрылуу жасап, Европаны ойгонууга чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты