Муратбек Азымбакиев Швейцариядагы элчи болуп дайындалды

Муратбек Азымбакиев Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын расмий сайтында жарыяланды.    

Муратбек Азымбакиев Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалган.

Буга чейин Омар Султанов Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы  туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду жана Улуу Британия жана Түндүк Ирландия бириккен королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалды.

Сүрөттө: Муратбек Азымбакиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты