Украина Севастополдогу өрттү контрчабуулга даярдык деп атады

  • 1 год мурун

Орусия аннексиялап алган Севастополдогу мунай сактоочу жайга кол салуу – Киевдин каршы чабуулга даярдыгынын бир бөлүгү. Бул тууралуу Украинанын  коргоо күчтөрүнүн түштүктөгү өкүлү Наталья Гуменюк билдирди.

Гуменюктун айтымында, мунай базасындагы өрттөн кийин орус аскерлеринин кооптонуусу күчөп, алар үй-бүлөлөрүн эвакуациялап, мүмкүн болсо аннексияланган Крымды таштап кетүүгө ниеттенишүүдө.

«Бул иш бардыгы күткөн кеңири масштабдуу чабуулга даярдык болуп саналат» деди коргоо күчтөрүнүн түштүктөгү басма сөз өкүлү.

29-апрелде Севастополь шаарындагы Казачья булуңунда мунай сактоочу жайда өрт чыккан. Төрт цистерна күйүп кеткен, эч ким жабыркаган эмес. Севастополдун орусиялык губернатору кампага эки учкучсуз учак кол салганын билдирген. Алардын бири атып түшүрүлгөн.

Ушул эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский батыш басылмаларын маек куруп, көптөн бери айтылып келе жаткан контрчабуул ийгиликтүү болорун жана ал Орусия басып турган украин аймактарынын, анын ичинде Крымдын бошотулушуна алып келерин билдирген.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты