Украина: Саламаттык сактоо министри 198 жайкын тургун каза болгонун кабарлады

  • 2 года мурун

Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко Орусиянын аскердик чабуулунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө балдар экенин кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1115 адам жарадар болгон, алардын 33ү балдар.

«Медицина системасы ишин улантып жатат, министрлик өз кезегинде ооруканаларга зарыл нерселердин бардыгын алуу үчүн колунан келгенин кылып жатат», — деп жазды Ляшко «Фейсбук» баракчасына.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда.

26-февралдын таңына карата Орусиянын 3,5 миңден ашык аскери каза болуп, 200гө чукулу туткунга алынганын украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк ТСН теле каналынын эфиринде айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты