Украина: Орусиянын чабуулунан 10 чакты адам каза болгону кабарланууда

  • 2 года мурун

Украинанын Ички иштер министрлиги Орусиянын чабуулунан жети жоокер каза болуп, 15и жарадар болгонун маалымдады.

ИИМден билдиришкендей, Ингулец дарыясындагы көпүрө урап, 20дай аскер дайынсыз болуп жатат.

Украинанын мамлекеттик чек ара кызматы Херсон облусунда үч чек арачы каза болгонун маалымдады. Мекеме орус тарап ракеталардан жана тик учактардан аткылап жатканын билдирүүдө.

Мындан тышкары Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат Харьков облусунда көп кабаттуу үйлөргө тийген снаряддардан жашы жете элек бир бала каза болгонун кабарлады. Турак жайдын башка жашоочулары эвакуацияланган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасашты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты