Украина Орусия Донбасстагы жикчилдерди тааныганына байланыштуу кылмыш ишин козгоду

  • 2 года мурун

Украинанын Башкы прокуратурасы өлкөнүн чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн Орусия көз карандысыз мамлекет катары тааныганына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы прокурор Ирина Венедиктова 21-февралда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Венедиктова билдирүүсүндө бул факт Кылмыш кодексиндеги бийлик өкүлдөрүнө мамлекеттик чек араны өзгөртүүгө тыюу салган беренелер менен тергелип-иликтенерин, жоопко тартуу каралганын белгиледи.

21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган эки жикчил аймакты көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялап, атайын жарлыкка кол койду. Андан кийин аларды түзгөн жикчил топтордун башчылары Денис Пушилин жана Леонид Пасечник менен келишимдерди кабыл алды.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

Батыш Орусиянын Донбасстагы жикчилдерди тааныганын айыптады.

Вашингтон тараткан тараткан билдирүүдө АКШ Орусиядан мындай кадамды күткөнүн белгилеп, Москванын жикчил эки республиканы таануу аракетин «эл аралык милдеттемелерди бузуу» деп баалады. Президент Жо Байден жакын арада америкалык компанияларга жана жарандарга “ЛЭР”, “ДЭР” деп аталган жикчил аймактар менен мамиле түзүүгө тыюу салган жарлык чыгарары маалым болду.

Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшкөнү белгилүү болду. Анын чоо-жайы азырынча белгисиз.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг президент Путиндин чечимин кескин айыптап, “бул Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн дагы бузарын жана ал Минск келишиминен чыгуу дегенди түшүндүрөрүн” айтты.

Евробиримдиктин жетекчилери Шарль Мишель менен Урсула фон дер Ляйен Кремлдин аракетин кескин айыптап, Москвага каршы жаңы санкциялар салынарын эскертти. Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий өнөктөштөрүн “Кремлге каршы бирге жооп берип, кескин санкцияларды киргизүүгө» чакырды.

Орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Донецк көмүр бассейни — Донбасста жайгашкан эки аймактын көз карандысыздыгын эч ким тааныган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты