Украина Кахов ГЭСи үчүн Орусиядан 2,5 миллиард доллар өндүрүүнү көздөөдө

  • 2 месяца мурун

Украинанын «Укргидроэнерго» компаниясы Кахов ГЭСинин талкаланганына байланыштуу Орусиядан компенсация алуу үчүн эл аралык арбитраждык жараянды демилгеледи.

Бул тууралуу бейшембиде компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

«Укргидроэнергонун» эсеби боюнча, чыгашанын болжолдуу суммасы 2,5 миллиард долларды түзөт. Адистер Кахов ГЭСин 6-7 жылдын ичинде, аймак бошотулгандан кийин калыбына келтирүүгө мүмкүн деп эсептешет.

Reuters агенттиги “Укргидроэнерго” арбитраждык жараян качан башталганын так айтпаганына көңүл бурду.

Компаниянын билдирүүсүндө соттук териштирүүгө 1998-жылдагы Украина менен Орусия өкмөттөрүнүн ортосундагы Инвестицияларды илгерилетүү жана өз ара коргоо келишими негиз болору белгиленет. Киев келишим 2025-жылдын 27-январына чейин күчүндө экенин маалымдады. “Укргидроэнерго” талаш-тартыштарды тынч жол менен чечүү үчүн Орусияга билдирүү жөнөткөн. Алты айлык мөөнөт өткөндөн кийин компания зыяндын ордун толтуруу үчүн арбитражга кайрылат.

Украинанын башкы прокуратурасы 6-июнда кабарлагандай, Кахов ГЭСинин дамбасын бузуу боюнча орусиялык генерал-полковник, «Днепр» тобунун мурдагы командири Олег Макаревичке айып тагылган. Украинанын Коопсуздук кызматы дамбаны жардырууга дал ушул орус аскер башчысы буйрук берген деп эсептейт.

Кахов ГЭСинин дамбасы былтыр 6-июнга караган түнү жардырылган. Суу ташкыны Днепрдин эки тарабындагы элүүдөн ашуун шаар-кыштактарды каптаган.

Днепр дарыясындагы ири дамбаны жардырганы үчүн Киев Москваны айыптаган. Кремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жок экенин билдирген.

Сүрөт: Жаддырылган Казов ГЭСи. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты