Украина Британиядан канаттуу ракеталарды алды

  • 11 месяцев мурун

Украина биринчи жолу Батыш өлкөлөрүнөн 200 чакырымдан ашык аралыктагы бутаны атууга жөндөмдүү канаттуу ракеталарды алды.

Британия Украинага узак аралыктагы Storm Shadow канаттуу ракеталарын жөнөткөнүн Британиянын коргоо министри Бен Уоллес 11-майда парламент депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал канча ракета жиберилерин тактаган жок.

«Storm Shadow ракеталары Киевге Украинанын эгемен аймагына кирип алган орусиялык күчтөрдү сүрүп чыгарууга жардам берет»деди Уоллес.

CNN эске салгандай, буга чейин украин армиясы Батыштан 80 чакырымга чейинки аралыктагы бутага сокку урууга жөндөмдүү курал-жарактарды алып келген. Украина жаңжал учурунда союздаштарынан алыс аралыкка учуучу ракеталык системаларды талап кылган, бирок өтүнүчү орундалган эмес.

Вашингтон, анын артынан НАТОго мүчө башка өлкөлөр Орусияга сокку урууга жөндөмдүү курал-жарактарды Украинага берүүдөн карманышкан. Февраль айындагы Мюнхен коопсуздук конференциясында Британиянын премьер-министри Риши Сунак королдук, Украинаны алыс аралыкка атуучу куралдар менен камсыз кылган биринчи мамлекет болорун айткан.

Улуу Британия Storm Shadow ракеталарын 2000-жылдардын башында Франция менен бирге иштеп чыккан. Мындай ракеталарды Улуу Британия Иракта “Ислам мамлекетине” каршы операция учурунда активдүү колдонгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты