Украина: Белгороддо ок чыгаргандар тажикстандык жарандар болгон

  • 2 года мурун

Украинанын жогорку кызматтагы өкүлү Белгород облусундагы аскердик полигондо элге ок чыгарган эки киши тажикстандык болгонун билдирди. Орусиялык ЖМКлар “теракттан” 11 киши өлүп, дагы 15и жаракат алганын кабарлашкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги 15-октябрь күнү кечинде Украинага жакын жайгашкан аскердик полигондордун биринде КМШга мүчө бир өлкөнүн эки жараны туш келди ок атышканын билдирген. Алар өздөрү да атышууда мерт кетишкен. Мекеме окуяны теракт деп атаган. Орусия бийлиги билдиргендей, полигондо согушка өз ыктыяры менен барууну каалаган жарандар машыгуудан өтүп жатышкан. Ок атуудан 11 киши өлүп, 15и жаракат алган.

Украина президентинин кеңешчиси Алексей Арестович диний себептен улам чатак чыгып, тажикстандык “ыктыярчылар” ок атканын кабарлады. Reuters агенттиги Алексей Арестовичке шилтеме берүү менен Тажикстан мусулмандар басымымдуу кылган өлкө экенин, орусиялыктардын көбү болсо христиан динин тутарын жазды.

Украина президентинин кеңешчиси кол салгандар тажикстандыктар экенин кантип тастыктаганы белгисиз. Орусия Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө алар КМШга мүчө өлкөлөрдүн биринин жарандары экени гана айтылган.

SOTA Телеграм-каналы окуя 15-октябрда Солоти айылындагы полигондо болгонун жазган. Маалыматка караганда, ал жакта Брянск облусунан мобилизацияга тартылып, бирок Украинага барып согушуудан баш тартып жаткан 100дөй аскер болгон.

Орусияда жарым-жартылай делген мобилизация 21-сентябрда башталган. Анын алкагында бийлик 300 миңдей жаранды тартууну көздөп жатканын билдирген. Согушка каршы Орусиянын ар кайсы шаарларында демонстрациялар болуп, кээ бир аймактарда аскердик комиссариаттарды өрттөө аракеттери катталды. Мобилизациядан качкан жүз миңдеген орусиялыктар четке, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнө агылды.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты