АКШ Украинага 325 миллион долларга аскердик жардам берет

  • 11 месяцев мурун

АКШнын президенти Жо Байден Украинага 325 миллион доллар көлөмдөгү жаңы аскердик жардамдын топтому бөлүнгөнүн маалымдады.

Бул тууралуу АКШ Ак үйүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул жардамдын топтомуна HIMARS системалары үчүн ок-дарылар, артиллериялык снаряддар, танкка каршы миналар, ок атуучу куралдар жана башка согуштук техникалар, ошондой эле коопсуздук жабдуулары кирет. Каражаттын бир бөлүгү украин аскерлерин даярдоого жумшалат.

2022-жылы февралда Орусия Украинага толук масштабдуу чабуул баштагандан бери АКШнын Киевге берген аскердик жардамынын жалпы суммасы 35 миллиард доллардан ашты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты